Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин жалпы жыйынында сөз сүйлөдү
Режеп Таййип Эрдоган : «Иш дүйнөсү менен жарандык коом уюмдары менен саясий түзүм менен биргеликте Түркия кылымын курабыз деп ишенем",- деди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европадан Кара деңизге, Кавказия жана Жакынкы Чыгыштан Түндүк Африкага чейин Түркиянын айланасында коопсуздук жана тынчтык алкагын курууну максат кылгандарын айтты.
Борбор шаар Анкарада Түркия палаталар жана биржалар биримдиги ТОББдун кеңешинин 79 - жыйынында сөз сүйлөп, өлкө туш болгон маселелерди бирдикте чечүү жолдорун издешерин белгилеп : «Иш дүйнөсү менен жарандык коом уюмдары менен саясий түзүм менен биргеликте Түркия кылымын курабыз деп ишенем",- деди
Министрлер кабинети түзүлөөр замат чет өлкөгө сапарларын баштай тургандыгын белгилеген Эрдоган, Түркияга келе турган дүйнө лидерлеринин да бар экендигин айтып : «Максатыбыз Европадан Кара деңизге, Кавказдардан жана Жакынкы Чыгыштан Түндүк Африкага чейин айланабызда коопсуздук жана тынчтык алкагын түзүү»,-деди.
Эрдоган акыркы мезгилде саясий шантаж катары колдонулган виза маселесин тез арада чече тургандарын айтты.
Тектеш кабарлар

Мехметчик Кипрдин түштүгүндө машыгуу учуусун аткарды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө орун алды.