Байден менен Путин Эрдогандын куттукташты

АКШнын президенти Жо Байден президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып кайрадан президент болуп шайланышынан улам куттуктады.

1992695
Байден менен Путин Эрдогандын куттукташты
erdogan-putin.jpg
biden-erdogan.jpg

АКШнын президенти Жо Байден президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып кайрадан президент болуп шайланышынан улам куттуктады.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда АКШнын президенти сүйлөшүүдө президент Эрдоганды куттуктап, жыйынтыктардын түрк калкы үчүн пайдалуу болушун каалады.

Аймактык жана глобалдык кыйынчылыктардын алдында Түркия-АКШ карым-катнаштарынын дагы чоң мааниге ээ болгонун белгилеген эки лидер жаңы мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы бардык темаларда кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча макулдашышты.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эки лидердин Түркия менен АКШнын ортосундагы «кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жакын өнөктөш катары» биргелешип иштөөнү улантуу боюнча биргелешкен чечкиндүүлүктөрүн билдиргени белгиленди.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө 11-12-июлда Литванын борбору Вильнюста өтө турган НАТОнун саммитинде «аймактык жана глобалдык чакырыктар, трансатлантикалык коопсуздукту чыңдоону чечүүгө даяр болуу маселесинин" күн тартибинде болгондугу маалымдалды.

Россиянын президенти Владимир Путин да президент Эрдоганга телефон чалып, шайлоодогу ийгилиги менен куттуктап, шайлоо жыйынтыгынын түрк калкы үчүн пайдалуу болушун каалады.

Эки лидер жаңы мезгилде Түркия -Россия карым-катнаштары жана аймактык темалардагы кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү боюнча макулдашышты.



Тектеш кабарлар