Стамбулдун каратылышынын 570 жылдыгы...

Стамбулдун каратылышы жылдагыдай эле быйыл да 29-майда өлкөнүн бүтүндөй жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) кубанычтуу белгиленүүдө.

1992482
Стамбулдун каратылышынын 570 жылдыгы...
ali erbas ayasofya istanbul'un fethi.jpg
istanbul'un fethi ayasofya.jpg
ayasofya istanbul'un fethi.jpg

Бүгүн Стамбулдун каратылышынын 570 жылдыгы...

Мухаммед пайгамбардын сүйүнчүсүн алган Стамбул мындан 570 жыл мурун Фатих Султан Мехмеддин жетекчилигиндеги Осмон империясы тарабынан каратылган.

1453-жылдын 29-майында эшиги ачылган Стамбулдун каратылышы менен «Фатих» наамын алган Султан Мехмед II шаарды акыл эстүүлүк менен талап-тоногон эмес, каратуунун белгиси катары Аясофияны мечитке айландырган.

Стамбулдун каратылышынын 570 жылдыгында Аясофия мечитинде багымдат намазы окулду.

Дин иштери боюнча төрагасы Али Эрбаштын жетекчилигинде окулган намазга ички иштер министри Сүлейман Сойлу да катышты.

Аясофия мечитин жүздөгөн адамдар толтурду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 570 жылдыгына байланыштуу социалдык медиа баракчасынан куттуктоо жарыялап: «Анадолунун түбөлүк түрк мекени катары кала турганынын тарыхына басылган мөөр болгон Стамбулдун каратылышынын 570 жылдыгы белгинедүүдө. Пайгамбарыбыздын сүйүнчүсүн алган, доорду ачып доорду жапкан Фатих Султан Мехмет Ханды жана анын баатыр армиясын таазим кылып эскеремин»,- деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп да, Стамбулдун каратылышынын 570 жылдыгынан улам социалдык медиа баракчасынан куттуктоо жарыялады.

Шентоп: «Доорду ачып доорду жапкан, тарыхтын нугун бурган султандардын султаны Фатих Султан Мехмеддин сүйүктүү элибиздин бермети Стамбулдун каратылышынын 570 жылдыгы куттуу болсун»,- деди.

Стамбулдун каратылышы жылдагыдай эле быйыл да 29-майда өлкөнүн бүтүндөй жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) кубанычтуу белгиленүүдө.



Тектеш кабарлар