Калын: "Эрдоган Байден менен сүйлөшүү өткөрөт"

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын телеберүү программасына катышып күн тартибине баа берди.

1992560
Калын: "Эрдоган Байден менен сүйлөшүү өткөрөт"

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен бүгүн кечинде телефон аркылуу сүйлөшөрү маалымдалды.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын телеберүү программасына катышып күн тартибине баа берди.

Түркиянын президент Режеп Таййип Эрдогандын саясий гений экенин дагы бир жолу тастыктаган шайлоо процессти башынан өткөгөнүн белгилеген Калын, мунун рекорд жаратканын айтты.

Шайлоодо бүткүл Түркиянын жеңгенин белгилеген Калын күчтүү, көз карандысыз Түркия процессинин мындан ары да ылдам улана турганын билдирди.

Шайлоо аяктагандан кийин президент Эрдогандын программаларынын башталганына көңүл бурган Калын: «Президентибиздин тыгыз иши бүгүндөн тарта башталды. Эл аралык куттуктоолор келип жатат. Бүгүн ал көптөгөн мамлекет башчылары жана лидерлер менен сүйлөшөт. Эртең башка программалары болот. Бүгүн кечинде Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрөт. Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсү пландалууда. Ошондой эле Германия, Франция, Израиль, Греция, Испания, НАТОнун баш катчысы, Нидерландия, Украина бар... Булардын баары бүгүнкү телефон сүйлөшүүсү үчүн пландаштырылууда»,-деди.



Тектеш кабарлар