Амасияда жана Германияда Солинген курмандыктары эскерилди

1993-жылы 29-майда Германиянын Солинген шаарында Генч үй-бүлөсүнүн үйлөрү өрттөлгөн.

1992607
Амасияда жана Германияда Солинген курмандыктары эскерилди
almanya solingen.jpg

Германиянын Солинген шаарында 30 жыл мурда үйлөрү расисттер тарабынан өрттөлүшүнүн натыйжасында каза болгон 5 түрк унутулган жок.

Генч үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү туулган жери Амасиядагы мүрзөсүндө эскерилди.

1993-жылы 29-майда Германиянын Солинген шаарында Генч үй-бүлөсүнүн үйлөрү өрттөлгөн.

Кол салууда 5 мүчөсүн жоготкон үй-бүлөнүн азап кайгысы 30 жылдан бери басыла элек.

Амасиянын Ташова районуна караштуу Мержимек айылындагы үй-бүлөлүк көрүстөндө каза болгондор үчүн эскерүү аземи өткөрүлдү.

Кыргында каза болгон 5 киши менен өткөн жылы каза болгон үй-бүлөнүн улуусу Мевлүде Генчтин мүрзөсүндө дуба окулду.

Эскерүү программасына катышкан Амасиянын губернаторунун орун басары Мустафа Пала сөз сүйлөп:«Мындай зордук-зомбулук, ксенофобиялык жана расисттик чабуулдар кайталанбайт деген үмүттөбүз. Гумандуулук, биримдик жана ынтымак менен бир туугандыкта жашоо мүмкүн экенин көрсөтүп жатабыз, буларды башкалар да түшүнүп, көрсөтөт деп ишенем»,- деди.

Германиянын Солинген шаарында да расисттер тарабынан өрттөлүп, 5 түрк каза болгон үйдүн алдында эскерүү аземи өткөрүлдү.

Аземге Унтере Вернер көчөсүндөгү үйүндө болгон апаатта 5 үй-бүлө мүчөсүн жоготкон ата Дурмуш Генч, каза болгондордун жакындары жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Солинген шаарынын мэри Тим Курзбах бул оор окуянын кайгысын жакындан сезгендерин айтты.

Курзбах да окуяда 5 баласын жоготкон жана 2022-жылдын 30-октябрында каза болгон Мевлүде Генчти эскерип, «Мевлүде эне бүгүн жок, анын тик турушун жана сабырдуулугун унутпайм»,- деди.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок да Твиттерде билдирүү жасады жана ал ошондой эле «аттарын эстегиле» деген белгини колдонуп, ашынган улутчулдар тарабынан өрттөлгөн үйдө каза болгондордун ысымдарын жазып, бул ысымдарды унутпай турганын билдирди.



Тектеш кабарлар