Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы...
Түркиянын саясий тарыхында биринчи жолу баштала турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасына добуш берүү Түркиянын жалпы жеринде жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00де башталды.




Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы...
Түркиянын саясий тарыхында биринчи жолу болгон президенттик шайлоонун экинчи айлампасына добуш берүү Түркиянын жалпы жеринде жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00де башталды.
Түркиянын 5 жыл кызмат кыла турган президентин аныктай турган шайлоодо 14-майда өткөн биринчи турда эң көп добуш алган Элдик альянстын талапкери Режеп Таййип Эрдоган менен Улуттук альянстын талапкери Кемал Кылычдароглу ат салышат.
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тизмесине катталган 3,5 миллионго жакын шайлоочу үчүн 73 өлкөдө 151 өкүлчүлүктө 167 пунктта шайлоо үкөктөрүнүн комиссиялары түзүлдү.
Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш берүү процедуралары 24-майда аяктады. Чет өлкөдө колдонулган бюллетендер учактар жана дипломатиялык курьерлер менен Түркияга алынып келинди.
Баш калаа Анкарада чет элдик округдук шайлоо кеңешинде сакталган добуштар бүгүн өлкө боюнча добуш берүү процесси аяктагандан кийин башка добуштар менен бир убакта ачылып санала баштайт.
Белгиленген убакыт ичинде жашаган өлкөсүндө добуш бере албагандардын бажы дарбазаларында добуш берүү процедуралары Түркияда болгондой саат 17.00гө чейин уланат.
Ал арада президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Стамбулда добуш беришти.
Улуттук альянстын президенттикке талапкери жана Республикалык элдик партиянын (CHP) төрагасы Кемал Кылычдароглу жубайы Селви Кылычдароглу менен борбор шаар Анкарада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн добуш беришти.
Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер, борбор шаар Анкарада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн добуш берүүдөн кийинки билдирүүсүндө, бүгүнкү шайлоонун 14-майдагы биринчи турдан эрте жыйынтык чыгара турганын ойлогондорун айтты.
Тектеш кабарлар

"Гөкдоган" бутасын таамай атты
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр бул тууралуу видеону социалдык медиада бөлүштү.