Түркия Сомалидеги террордук кол салууну айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

1991758
Түркия Сомалидеги террордук кол салууну айыптады

Түркия Сомалинин Бууло Марир шаарында жайгашкан Африка Биримдигинин Сомали Өткөөл Миссиясында (ATMIS) кызмат өтөгөн Уганданын Тынчтык күчтөрүнө каршы жасалган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түркия Сомалиде Уганданын Тынчтыкты сактоо күчтөрүнө багытталган террордук кол салууну айыптап, өлкөнүн тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн кызмат кылып жатып каза болгон Африка Биримдигинин Сомали Өткөөл Миссиясында (ATMIS) кызмат өтөгөн Уганданын Тынчтык күчтөрүнө байланыштуу кайгысын бөлүшүп, алардын жакындарына жана дос Уганда менен Сомали элине көңүл айтуусун билдирип, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Билдирүүдө, «Түркия террор менен күрөшүүдө Сомалинин жанында болушун улантат»,делди.



Тектеш кабарлар