Эрдоган Стамбулда элге кайрылды
Президент Эрдоган президенттик шайлоонун экинчи айлампасында дээрлик бардык добуштары саналгандан кийин Стамбулда алгачкы билдирүүсүн жасады.


Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Шайлоого барып, өз эрктерин көрсөткөн бардык жарандарыбызга ыраазычылык билдирем», - деди.
Президент Эрдоган президенттик шайлоонун экинчи айлампасында дээрлик бардык добуштар саналгандан кийин Стамбулда алгачкы билдирүүсүн жасады.
Сөзүн шайлоочуларга жогорку катышуу үчүн рахмат айтуу менен баштаган Эрдоган:«Бизге дагы бир жолу 5 жыл мамлекетти башкаруу милдетин тапшырган улутумдун ар бир өкүлүнө ыраазычылык билдирем. Биз сиздердин ишенимиңиздерге татыктуу болобуз»,- деди.
Эрдоган: «Эч ким утулбай тургандай түрдө жеңебиз дегенбиз. Демек, бүгүн жеңүүчү бир гана-Түркия»,-деп айтты.
Стамбулдагы шайлоочуларды куттуктаган Эрдоган, Анкарага жөнөп кетти.
Шайлоонун 2-айлампасынын алдын ала жыйынтыгына караганда Эрдоган 52 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланды.
Тектеш кабарлар

Греция : "Түркия чек арасында көпүрө курулат"
Греция менен Түркиянын чек арасындагы көпүрөнүн курулушу 2024 - жылы башталат.