Эрдоган Азербайжанды эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Бул тууралуу Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык тармактагы баракчасынан бөлүштү.
1991784

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжанды 28-май Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Эрдоган социалдык тармактагы баракчасынан бөлүшүүсүндө,«Бир эл, эки мамлекет деген ураандын астында биз ар дайым жанаша, ийиндеш турган боордош Азербайжандын Эгемендүүлүк күнүн куттуктайбыз жана эгемендүүлүк үчүн шейит кеткен баатырларыбызды урматтоо жана таазим менен эскерем»,деген сөздөргө орун берди.
Бөлүшүүгө Түркия менен Азербайжандын желектери да коюлду.
Азербайжан 1918-жылы 28-майда Орусия империясынан көз карандысыздыгын жарыялаган.