Президент Эрдоган мунай - жаратылыш газ тууралуу маалымат берди

Эрдоган бир телекөрсөтүү каналынын программасында сүйлөгөн сөзүндө жасалган бургулоо менен жаратылыш газ тапкандарын белгиледи.

1991495
Президент Эрдоган мунай  - жаратылыш газ тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган мунай жана жаратылыш газын чалгындоо боюнча  : "Батыш Кара деңиз аймагындагы чалгындоо иштерин Орто жана Чыгыш Кара деңиз аймактарына жүргүздүк. Өзгөчө Орду жана Кастамону деңизинде интенсивдүү бургулоо иштерин жүргүзүп жатабыз",-  деди.

Эрдоган бир телекөрсөтүү каналынын программасында сүйлөгөн сөзүндө жасалган бургулоо менен жаратылыш газ тапкандарын белгилеп : «Албетте бул жерде негизги нерсе резерв. Азыркы учурда оболу Кара деңиз, Сакария. Анадан тышкары Ризе жана Орду бар. Орду менен Ризеде бирөөсүндө мунай, бирөөсүндө жаратылыш газ бар. Бул жерде да резервдерди жакшы сактасак Орду менен Ризеде башка бир потенциалга жетише алабыз»,- деди.

Президент Эрдоган максаттарынын өлкөнүн байлыгын эл менен бөлүшүү экендигин айтып буларды белгиледи : «Батыш Кара деңиз аймагындагы геологиялык чалгындоо иштерин (нефть-табигый газ) Ортоңку жана Чыгыш Кара деңиз аймактарына жүргүздүк. Өзгөчө Орду жана Кастамону деңизинде интенсивдүү бургулоо иштери бар. Ордуда аяктады. Габардагы шейит Эсма Чевик аянтынын ачылышы менен геологиялык чалгындоо жана бургулоо иштерин күчөттүк. Ал эми Түркиянын тарыхындагы эң чоң ачылышты бул аянтка жакын аймакта жасадык. Бул аянтты шейит мугалим Айбүке Ялчын деп атадык.

Бул жерде жаңы бургулоолор менен бирге күнүмдүк 100 миң баррель мунай чыгарабыз. Бул  мыкты байлык. Бүгүн мунай издеген бул тоолордо террористтер жүргөн. Ошондуктан бул жерлерде мындай иштер аткарыла алган эмес».



Тектеш кабарлар