Өлкө тышында берилген добуштар Анкарага келди

Добуштарды ташыган түрк аба жолдорунун «Чаталхөйүк», «Лале» жана "TC-LOH" аттуу учактары кезеги менен саат 19:15те, 01:05те жана 02:04тө Эсенбога аэропортуна конду.

1991110
Өлкө тышында берилген добуштар Анкарага келди

Түркияда президенттик шайлоонун  28 -  майда өткөрүлө турган экинчи айлампасы үчүн өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө берилген жана Анкарага конгон учактар ташыган добуштар АТО конгрессиумга алып келинди.

Өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө  добуш берүү процесси аяктап, Европада түрк жарандары көп жашаган өлкөлөрдө берилген добуштар учактар менен Анкарага алып келинди.

Добуштарды ташыган түрк аба жолдорунун «Чаталхөйүк», «Лале» жана "TC-LOH" аттуу учактары кезеги менен саат 19:15те, 01:05те жана 02:04тө Эсенбога аэропортуна конду.

Аэропортко конгон биринчи учакты тейлеген Түркия  - Европа Биримдигинин биргелешкен парламенттик комиссиясынын тең төрагасы АК партиянын Кайсери депутаты Исмаил Эмрах Карайел добуштарды ташуу ишинин атайын коопсуздук чаралар менен аткарылгандыгын баса белгиледи.

Президенттик шайлоодо биринчи айлампага салыштырганда бул жолу дагы көп шайлоочунун катышкандыгын айткан Карайел : «Өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө беш күндүк добуш берүү процесси болду. Бул убакыттын ичинде көптөгөн катышуу болду. Жуманын акырында көп добуш беришти»,- деди.



Тектеш кабарлар