Түркия жаңылануучу  энергия боюнча Европада бешинчи, дүйнөдө он экинчи орунда

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын жаңылануучу  энергия боюнча Европада бешинчи, дүйнөдө он экинчи орунда экендигин айтты.

1990960

Эскишехир  -  Анкара автожолундагы «Нөл калдыктарды калыбына келтирүү токоюндагы»  көчөт отургузуу аземине катышкан Дөнмез бул жерде сөз сүйлөп, президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын жетекчилигинде жүргүзүлгөн «Нөл калдык долбоорунун» дүйнөдө эсептелүү долбоорлордун бири экендигин баса белгиледи.

Дүйнөдө жашаган 8 миллиард адамдын атмосферага чыккан ар бир эмиссиядан таасирленгендигин айткан Дөнмез учурдагы көмүр кычкыл газынын эмиссияларынын көбүнүн энергетика секторунан чыкканына көңүлдөрдү бурду.

Дөнмез Түркияда жаңылануучу энергия үлүшүнүн көбөйтүлүшү керектигин белгилеп : «Негизинен биз абдан жакшы деңгээлдебиз. Европада бешинчи, дүйнөдө он экинчи орунда турабыз. Азыркы учурда орнотулган энергиянын 55 пайызы кайра жаралуучу энергия булактарынан алынат. 105 миң мегаваттка жетти. Мунун 55 миң мегаватты шамал, күн, суу, биомасса жана геотермалдык булактардан алынууда»,- деди.

Тектеш кабарлар