Түркия Африка күнүн белгиледи

Түркия Африка өлкөлөрүнө карата мамиленин Африка Биримдигинин негиздөөчү принциптери менен дал келгендигин, континентте кенен камтуучу, бири бирине каратай урмат  - сый жана тең өнөктөштүктүн негиз кылып алынгандыгын билдирди.

1990777
Түркия Африка күнүн белгиледи

Түркия Африка өлкөлөрүнө карата мамиленин Африка Биримдигинин негиздөөчү принциптери менен дал келгендигин, континентте кенен камтуучу, бири бирине каратай урмат  - сый жана тең өнөктөштүктүн негиз кылып алынгандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен «25 -  Май Африка күнүнөн» улам берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө : «Африка элдеринин Африка Биримдигинин түзүлүшүнүн 60 -  жылын кутутктайбыз»,- деп айтылды.

Бул жылы Африка күнүнүн негизинде Африка маданият үйү кызматташуусу менен континенттин маданиятын чагылдыруу үчүн Африка кол өнөрлөрү көргөзмөсүнүн ачылары, Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгы тарабынан «Республиканын 100 -  жылында Түркия  -  Африка карым  - катнаштары» деген темада панель ачылары белгиленген билдирүүдө 38  Африка мамлекетинин өкүлдөрү катышкан Анкарада жашаган Африка өлкөлөрүнүн элчилери уюштура турган иш – чарага тышкы иштер министринин орун басары, элчи Бурак Акчапардын сөз сүйлөй тургандыгы белгиленди.

Африка Биримдигинин 60 -  жылында Африканын, эл аралык коомчулуктун кадыр – барктуу жана негизги актеру  болгондугу белгиленген билдирүүдө бул түшүнүк менен африкалык досторунун тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү багытындагы аракеттерине жана эл аралык платформаларда Африканын катышуусун жогорулатууга карата аракеттергетолук колдоо көрсөткөндүгү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар