Акар: «Террорго каршы операциялар уланат»

Хулуси Акар Кайсериде «Жаштар шаң-шапаты» иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө, улуу жана күчтүү Түркия үчүн күнү-түнү иштеп жаткандарын белгиледи.

1990538
Акар: «Террорго каршы операциялар уланат»

Улуттук коргоо министри Хулиси Акар Ирак жана Сириянын түндүгүндөгү операциялардын токтобой турганын, акыркы террорист жок кылынмайынча бул күрөштүн улана турганын айтты.

Хулуси Акар Кайсериде «Жаштар шаң-шапаты» иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө, улуу жана күчтүү Түркия үчүн күнү-түнү иштеп жаткандарын белгиледи.

Улуу жана күчтүү Түркиянын жолунда алардын алдына ар кандай тоскоолдуктар коюлганын, булардын террор менен бирге басма сөз же экономика сыяктуу жолдордон келгенин айткан Акар: «Эч биринде ийгиликтүү боло алышкан жок. Батышта нейтралдуу көрүнгөндөр, басма сөздүн принциптерин сактайм дегендер, «адам укугу» деп айтып келгендер шайлоо алдында бардык ууларын чачышты, Түркияга каршы позицияны карманып, жообун алышты жана уят болушту»,- деди.

Акар, элди 40 жылдан бери кыйнаган террор балээсинен куткаруу үчүн чечкиндүү экендиктерин баса белгилеп: «Түрк аскеринин деми террористтердин желкесинде. Биз азыр Ирактын жана Сириянын түндүгүндө террористтердин артынан сая түшүп жатабыз. Алар үчүн кутулуу мүмкүн эмес. Же өлүшөт, же багынып беришет. Адилеттикке багынып берүүдөн башка аргалары жок»,-деп айтты.

Жикчил террордук уюм ПККнын чачыранды абалында экенин түшүндүргөн Акар: «Террористтердин корбашчылары кожоюндарынан жардам сурап, Түрк куралдуу күчтөрүнүн операцияларынын токтотулушун каалап жатышат. Ирактын түндүгүндө же Сирияда операциялар токтобойт. Бул күрөш акыркы террорист жок кылынганга чейин уланат. Түрк аскерлери террористтерди өздөрү казган чуңкурларга көмүшөт»,-деди.



Тектеш кабарлар