Өлкө тышында добуш берүү процесси бүгүн аяктайт

Жогорку Шайлоо Комиссиясы шайлоо үчүн белгилеген календарга караганда өлкө тышындагы шайлоочу тизмесине катталган шайлоочулардын добуш бериши үчүн  73 өлкөдөгү өкүлчүлүктө 167 жерде үкөк орнотулган.

1990313
Өлкө тышында добуш берүү процесси бүгүн аяктайт

Түркияда 2023 -  жыл  28 -  май жекшемби күнү боло турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасы  үчүн өлкө тышындагы өкүлчүлүктөрдө добуш берүү процесси  бүгүн аяктайт.

Шайлоонун экинчи айлампасы үчүн өлкө тышындагы шайлоочу тизмесине катталган 3 миллион 423 миң 759 шайлоочудан  1 миллион 763  миң 973 шайлоочу өлкө тышындагы өкүлчүлүк жана бажыларда добуш берди.

Жогорку Шайлоо Комиссиясы шайлоо үчүн белгилеген календарга караганда өлкө тышындагы шайлоочу тизмесине катталган шайлоочулардын добуш бериши үчүн  73 өлкөдөгү өкүлчүлүктө 167 жерде үкөк орнотулган.

Жогорку Шайлоо Комиссиясынын календарына караганда  20 -  майда башталган добуш берүү процесси бүгүн аяктайт.

Өлкө тышындагы шайлоочу тизмесине катталган шайлоочулар  жашаган жерлеринде жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00гө чейин добуш бере алышат.

Ошол эле учурда бажыларда 28 – май күнү саат 17:00гө чейин добуш берилет.

Өлкө тышында добуш берүү процесси аяктагандан кийин добуштар Жогорку Шайлоо Комиссиясы белгилеген ыкмалар менен жогорку коопсуздук астында, дипломатиялык курьерлер менен Түркияга алып келинет.

Өлкө тышындагы шайлоочулар берген добуштар Түркияда  28 -  май жекшемби күнү саат  17:00дө добуш берүү процесси аяктагандан кийин башка үкөктөр менен бирге ачылат.



Тектеш кабарлар