Түркиянын коргонуу өнүмдөрү Малайзияда...

Лангкави аралында 27-майга чейин улана турган жарманке ачылыш аземинен кийин башталды.

1989708
Түркиянын коргонуу өнүмдөрү Малайзияда...

Түрк коргоо өнөр жай ишканалары жаңы кызматташтык жана экспорт мүмкүнчүлүктөрү үчүн Малайзияда өткөн Лангкави эл аралык деңиз жана авиация жарманкесине (LIMA 2023) катышты.

Лангкави аралында 27-майга чейин улана турган жарманке ачылыш аземинен кийин башталды.

LIMA жарманкеси Азия-Тынч океан аймагындагы эң ири коргонуу жарманкелеринин бири.

Биринчи жолу 1991-жылы өткөрүлгөн жана эки жылда бир өткөрүлгөн жарманкеге экинчи жолу катышкан Түркия иш-чарага 18 түрк коргоо өнөр жай фирмасы менен катышууда.

Жарманкеде түрк фирмалары товарларын жана кызматтарын таанытат.

Ачылыш аземинен кийин Малайзия баш болгон катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары түрк делегациялары жана фирмалары менен түрдүү жолугушууларды өткөрүштү. Малайзиянын коопсуздук күчтөрү үчүн түрдүү чечимдерди сунуштаган түрк фирмалары бул жолугушуулар аркылуу аймакта жаңы жоопкерчиликтерди алууну максат кылууда.

Түрк коргоо өнөр жай ишканалары жарманке бою ар кандай айдоочусу бар/жок кургактык техникаларын жана учкучтуу/учкучсуз учак жана аппараттарын, капитандуу/капитансыз деңиз системаларын, курал системаларын, электрондук системаларды, ок-дарыларды, симуляторлорду, логистикалык колдоо өнүмдөрүн жана коргонуу кызматтарын таанытышат жана ал тууралуу баяндамаларды жасашат.

Жарманкеде көптөгөн аба жана деңиз техникалары көргөзмөгө коюлуп, ар кандай учуу көрсөтүүлөрү өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар