Тайфундун 2-сыноо атуусу аяктады
Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир социалдык медиа эсебинде атуунун көрүнүштөрүн бөлүштү.
1989663
Түркиянын ата мекендик жана улуттук ресурстар менен иштелип чыккан биринчи баллистикалык ракетасы Тайфундун экинчи сыноо атуусу ийгиликтүү аяктады.
Атуу бүгүн эртең менен Ризе-Артвин аэропортунда болду.
Коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир социалдык медиа эсебинде атуунун көрүнүштөрүн бөлүштү.
Тайфун аяктагандан кийин 1000 километр аралыкка жетиши күтүлүүдө.
Тайфундун биринчи сыноо учуруусу 22-октябрда Ризе-Артвин аэропортунан ишке ашырылган.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.