Акар:«Сириянын түндүгүндө 19 террорист жок кылынды»

Министр Акар Кайсеридеги билдирүүсүндө террор менен күрөшүүнүн чоң берилгендик жана чечкиндүүлүк менен уланып жатканын, 85 миллион адамды террор балээсинен куткаруу үчүн чечкиндүү экендиктерин белгиледи.

1989821
Акар:«Сириянын түндүгүндө 19 террорист жок кылынды»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сириянын түндүгүндө өткөн түнү 19 террористтин жок кылынгандыгын, акыркы бир айда жок кылынган террористтердин саны 126 болгонун айтты.

Министр Акар Кайсеридеги билдирүүсүндө террор менен күрөшүүнүн чоң берилгендик жана чечкиндүүлүк менен уланып жатканын, 85 миллион адамды террор балээсинен куткаруу үчүн чечкиндүү экендиктерин белгиледи.

«Террорчулар кайда болсо, бута ошол жерде» деген түшүнүк менен күрөшүүнү улантып жатышканын белгилеген Акар, Мехметчиктин (түрк аскери) Ирак менен Сириянын түндүгүндөгү террористтердин «кире алышпайт» деп көкүрөк каккан жерлерге киргенин, «бара албайт» деген жерлерге барып, террористтердин уюгун жок кылууну улантышканын айтты.

Террордук уюмдун кыйроодо экенин белгилеген Акар: «2015-жылдын 24-июлунан бери 37 886 террорист жок кылынды. Учурда террордук уюмга катышуу нөлгө жакын, качуу максималдуу»,-деп айтты.

Түркиянын, Ирактын жана Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана эгемен укуктарын урматтаганын, операцияларынын эл аралык укукка толук ылайык экенин белгилеген Акар: «Бир айдын ичинде 126 террорист жок кылынды. Өткөн түнү Сириянын түндүгүндө 19 террорист жок кылынды. Террорчулардын алдыда эки жолу бар. Алар же багынып беришет, же жок болушат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар