Венесуэладагы Түркия Республикасы көчөсү
Түркия Республикасы көчөсүнүн ачылышына Түркиянын Каракастагы элчиси Нажи Айдан Караманоглу, Венесуэланын тышкы иштер министри Йван Гил, Каракас шаарынын мэри Кармен Мелендес, Венесуэлада жашаган түрк жарандары жана көптөгөн мекеменин өкүлдөрү катышты.

Венесуэланын баш калаасы Каракастын борборунда жайгашкан жана тарыхый символ катары эсептелген көчөлөрдүн бирине «Түркия Республикасы көчөсү» деген ысым берилди.
Түркия Республикасы көчөсүнүн ачылышына Түркиянын Каракастагы элчиси Нажи Айдан Караманоглу, Венесуэланын тышкы иштер министри Йван Гил, Каракас шаарынын мэри Кармен Мелендес, Венесуэлада жашаган түрк жарандары жана көптөгөн мекеменин өкүлдөрү катышты.
Тышкы иштер министри Гил Твиттердеги баракчасынан ачылыштын фотосүрөттөрүн бөлүшүп: «Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынын алкагында, элибизди бириктирген бир туугандыктын белгиси катары Түркия Республикасы көчөсүнүн ачылышына элчи Айдан Караманоглу менен бирге катыштык»,-деди.
Каракас мэри Мелендес да социалдык медиа эсебинен: «Каракастын борборундагы Түрк Республикасы проспектисин элчи Караманоглу жана тышкы иштер министри Гил мырза менен бирге ачып, эки өлкөнүн тарыхына жаңы барак жаздык»,- деди.
Түркиянын Каракас элчилигинин билдирүүсүндө Боливар аянтына баруучу көчөлөрдүн биринин атын Түркия Республикасы көчөсү деп өзгөртүү чечиминин жылуу кабыл алынганы белгиленди.
19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына туура келген аземдин маанисине көңүл бурулган билдирүүдө, Түркия менен Венесуэланын ортосундагы кызматташтыктын улана турганы жана жакында Каракаста Юнус Эмре Түрк маданият борборунун ачыла турганы маалымдалды.
Элчи Караманоглу, тышкы иштер министри Гил менен Каракас мэри Мелендеске кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.
Ачылыш Венесуэланын басма сөзүндөгү кабарларда кеңири орун алып, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык жана бир туугандык байланыштарга басым жасалды.
Тектеш кабарлар

УКМда орчундуу жыйын...
УКМнын социалдык тармактардагы аккаунтунан жыйындын фотосүрөттөрү бөлүшүлдү.