Вакыфбанк аялдар волейбол командасы Европа чемпиону
Президент Режеп Таййип Эрдоган волейбол боюнча Аялдар CEV Чемпиондор Лигасынын Супер финалында кубок алган Вакыфбанкты куттуктады.



Вакыфбанк аялдар волейбол командасы CEV Чемпиондор Лигасынын Супер Финалында Эжзажыбашы Динавитти 3-1 эсебинде жеңип, 6-жолу Европанын эң чоңу болду.
Европанын кыз-келиндер волейболунун клуб деңгээлиндеги эң престиждүү уюму болгон CEV Чемпиондор Лигасынын 62-сезонунун чемпиону Италиянын Турин шаарында өткөрүлгөн Супер финал беттешинде аныкталды.
Уюмдун тарыхында биринчи жолу эки түрк командасы финалда беттешкен оюнда Вакыфбанк 27-25, 25-17, 23-25, 25-17 сеттер менен Эжзажыбашы Динавитти 3-1 эсебинде жеңди.
9 жолу финалга чыккан сары-кара түстүүлөр 6-ирет бактылуу аяктоого жетишти.
Аялдар CEV Чемпиондор Лигасында 8-жолу чемпион болгон түрк кыз-келиндер волейбол командалары эл аралык аренада 24-жолу чемпион болуу бактысына ээ болушту.
Италиянын кожоюндугунда өткөн Супер финалдан кийин кубок тапшыруу аземи өткөрүлдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган волейбол боюнча Аялдар CEV Чемпиондор Лигасынын Супер финалында кубок алган Вакыфбанкты куттуктады.
Эрдоган социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө: «СЕВ Чемпиондор Лигасынын чемпиондугун экинчи жолу катары менен уткан Вакыфбанкты жана чемпионатта экинчи орунду алган Эжзажыбашы Динавитти чын жүрөктөн куттуктайм. Эки командабызга тең өлкөбүзгө алып келген бул сыймык үчүн ыраазычылык билдиребиз»,-деди.