Эрдогандын Черкес сүргүнү боюнча бөлүшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымат бөлүштү.

1988832
Эрдогандын Черкес сүргүнү боюнча  бөлүшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Черкес сүргүнүнүн 159 жылдыгында каза болгондорду эскерди.

Президент Эрдоган социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүшүүсүндө, «159 жыл мурун черкес боордошторубуз башынан өткөргөн чоң азапты биз дагы деле сезип келебиз. Кавказдагы мекенинен адамгерчиликсиз ыкмалар менен сүргүнгө учурагандардын жылдыгында каза болгон бардык боордошторубузду эскерем»,-деп жазган.

Орусиянын Кара деңиз жээгине түшүү саясатынын талабы катары 1556-жылы Түндүк Кавказды басып алуу максатында башталган Кавказ-Орус падышалык согушу 308 жылга созулган.

Черкестерди жок кылып, Кавказ тоолоруна кирген орустар багынып берген черкестерди же падыша армиясына кошулууну, же эмиграцияны тандоого мажбурлашкан.

1864-жылдын 21-майынан тарта черкес жамааттары дүйнөнүн ар кайсы жерлерине, өзгөчө Осмон империясына сүргүнгө айдалган.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, бир айдын ичинде 1,5 миллионго жакын черкес депортацияланган. 500 миңге жакын черкес жол абалынан, эпидемиялардан жана ачкачылыктан каза тапкан.

Депортациялангандардын бир бөлүгү Осмон империясында, бир бөлүгү Жакынкы Чыгышта, биринчи кезекте Сирия жана Палестинада, кээ бирлери Орто Лаба жана Орто Кубан дарыяларындагы орус казак айылдарына жайгаштырылган.



Тектеш кабарлар