Чет өлкөдө добуш берүү процесси уланууда

Эстония, Португалия жана Косоводо жашаган түрк жарандары бүгүн добуш беришти.

1988819
Чет өлкөдө добуш берүү процесси уланууда

Түркияда 28-майда боло турган президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөр менен бажыканаларда кечээ башталган добуш берүү процесси уланууда.

Эстония, Португалия жана Косоводо жашаган түрк жарандары бүгүн добуш беришти.

Эстониянын борбор шаары Таллин менен Португалиянын борбор шаары Лиссабондо Түркиянын элчилигинде курулган үкөктөрдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө башталган добуш берүү процесси саат 22:00гө чейин уланат.

Косоводо жашаган түрк жарандары да жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00-22:00 ортосунда Приштина элчилигинде жана Призрен башкы консулдугунда орнотулган үкөктөрдө добуш бере алышат.

Шайлоочулар 22-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00гө чейин Римдеги Элчиликте жана Италияда Милан башкы консулдугунда орнотулган үкөктөрдө добуш бере алышат.

Иранда кечээ башталган добуш берүү процесси бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:00дө аяктайт.

Түрк жарандары Тегеран элчилиги менен Тебриз жана Мешхед башкы консулдугунда орнотулган урналарда добуштарын беришти.

Жогорку шайлоо кеңешинен алынган маалыматка караганда, учурда чет өлкөдө жалпы 892 миң 571 шайлоочу добушун берсе, анын 850 миң 32си чет элдик өкүлчүлүктөрдө, 42 миң 539у бажы дарбазаларында.

Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдөгү добуш берүү процедуралары 24-майда аяктап, 28-майга чейин саат 17.00гө чейин бажыда уланат.

 



Тектеш кабарлар