Бүгүн 19 - Май Ататүрктү эскерүү жана жаштар майрамы

19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы  өлкөнүн бардык аймактарында кубанычтуу майрамдалууда.

1988332
Бүгүн 19 -  Май Ататүрктү эскерүү жана жаштар майрамы

Жаштар жумалыгы жана 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы Жаштар жана спорт министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чаралар менен өлкөнүн бардык аймактарында кубанычтуу майрамдалууда.  

Жаштар жана спорт министрлиги Жаштар жумалыгынын жана 19-май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана спорт майрамынын алкагында "#HEPYAŞIMIZ19"  деген темада  15 - 21 -  май күндөрүнүн арасында  муниципалитеттер, университеттер, жарандык коом жана коомдук уюмдар менен биргеликте маданий, көркөм жана спорттук иш-чараларды өткөрөт.

Иш  -  чаралардын негизинде Түркиянын 81 облусунан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Азербайжандан келген жаштар оболу Анкарада жолугушат. 

Келген жаштар Жаштык жана спорт министрлиги, Түркия Улуу Улуттук Парламенти жана президенттик комплекске барышат. 

 



Тектеш кабарлар