Түркия АКШнын Кипрге карата мамилесине каршы чыкты

Тышкы иштер министрлиги, АКШнын деңиз күчтөрүнө таандык USS Arleigh Burke аттуу башкарылуучу ракеталык эсминецтин Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун көзөмөлүндөгү Лимассол портуна болгон сапарына байланыштуу билдирүү жарыялады.

1987898
Түркия АКШнын Кипрге карата мамилесине каршы чыкты

Түркия Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) таандык ракеталык эсминецинин Лимассол портуна баруусуна каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлиги, АКШнын деңиз күчтөрүнө таандык USS Arleigh Burke аттуу башкарылуучу ракеталык эсминецтин Кипрдин Рум башкаруучулугунун  көзөмөлүндөгү Лимассол портуна болгон сапарына байланыштуу:«АКШнын аймактагы Кипр Түрк тарабына карата таштаган туруксуздаштыруучу кадамдары бул өлкөнүн аралда көп жылдардан бери карманып келген бейтарап позициясына доо кетирип, Кипрде адилеттүү жана туруктуу  чечимге тоскоол болууда»,-деп билдирди.

Министрлик темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде кызмат өтөгөн АКШнын 6-флотунун USS Arleigh Burke жана америкалык суу астындагы кемесинин Кипрдин Рум башкаруучулугунун портторуна баруусуна каршы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) билдирүүсүн катуу колдой тургандарын белгиледи.

Билдирүүдө мындай деп белгиленген:«ТКТР менен бирге бир нече жолу баса белгилегендей, АКШнын аймактагы Кипр Түрк тарабына каршы таштаган туруксуздукка алып келген кадамдары бул өлкөнүн аралда көп жылдар бою карманып келген бейтарап позициясына зыян келтирип, Кипрде адилеттүү жана туруктуу чечим табууга тоскоол болуп жатат. АКШны бул саясаттарын карап чыгууга чакырабыз.

Кипрде кепил мамлекет болгон Түркиянын бардык жагдай жана шарттарда кипрдик түрктөрдүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону чечкиндүү уланта турганын дагы бир жолу кайталайбыз»,-деп айтылды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлиги АКШнын деңиз күчтөрүнө таандык USS Arleigh Burke аттуу башкарылуучу ракеталык эсминецтин Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун көзөмөлүндөгү Лимассол портуна сапарына каршы чыккан болчу.

 



Тектеш кабарлар