Террoр менен күрөшүү, Шырнакта жандармериянын 3 кызматкери шейит болду
Бестлер Дерелер аймагында кечээ баштатылган операцияда 3 террорист жок кылын

Шырнактын Бестлер Дерелер аймагында кечээ баштатылган операцияда 3 террорист жок кылынып, 3 жандармерия кызматкери шейит болуп, 1 коопсуздук кызматкери оор жаракат алды.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Шырнак аймактык жандармерия командирлиги жана Шырнак облустук жандармерия командирлигине караштуу J-SİHA (куралдуу учкучсуз учуучу апараты), Атак чабуул тик учактары жана Аба күчтөрү командирлиги Жандармериянын атайын операцияларына (JÖH), жандармерияга колдоо көрсөттү. Бестлер Дерелер Аксүт элетинде J-SİHA (куралдуу учкучсуз учуучу апараты), командирлер жана коопсуздук кызматкерлери катышкан операцияда 1 террорист куралы менен жок кылынгандыгы эске салынды.
Улантылып жаткан операциянын негизинде бүгүн аянтты изилдөө учурунда үңкүрдө камалган бир группа террорист менен катуу кагылышуунун болгондугу белгиленген маалыматта : "Чыккан куралдуу кагылышуунын натыйжасында дагы 2 террорист куралдары менен бирге жок кылынды. Операцияда жалпы 3 террорист жок кылынды",- деп айтылды.
Билдирүүдө, операцияда 3 жандармериянын шейит болгондугу, 1 коопсуздук кызматкеринин оор жаракат алганы белгиленип, шейиттерге Аллахтан ырайым, жакындарына көңүл айтылып, жаракат алган кызматкерлердин тез сакайып кетиши кааланды.
Тектеш кабарлар

Түркиянын коргоо өнөр жайындагы ийгиликтери дүйнөлүк басма сөздө
Лондондогу The Economist журналы Түркиянын бул тармактагы жетишкендиктерин кеңири чагылдырды.