Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы үчүн 73 өлкөдө үкөктөр орнотулат
Тышкы иштер министрлигинин расмий Твиттер баракчасындагы билдирүүдө, шайлоонун экинчи туру үчүн чет өлкөдө түзүлө турган үкөктөрдүн маалыматы бөлүшүлдү.

28-майда боло турган президенттик шайлоонун 2-тур добуш берүүлөрү үчүн 73 өлкөдөгү өкүлчүлүктөр тарабынан үкөктөр орнотулат.
Тышкы иштер министрлигинин расмий Твиттер баракчасындагы билдирүүдө, шайлоонун экинчи туру үчүн чет өлкөдө түзүлө турган үкөктөрдүн маалыматы бөлүшүлдү.
Билдирүүдө 20-майдан тарта 73 өлкөдө Түркиянын 151 өкүлчүлүгү тарабынан 167 пунктка үкөктөрдүн орнотула турганы, бажы бекеттериндеги добуш берүүнүн болсо 20-28-май күндөрү ишке ашары белгиленди.
Чет өлкөдө жашаган жарандар добуш берүү процессинин күнүн, убактысын жана дарегин Жогорку Шайлоо Кеңешинин “ysk.gov.tr” сайтынан биле алышат.
Шайлоочулар көп катталган өлкөлөрдө добуш берүү процесси 5 күнгө созулат.
Ошол эле учурда Жогорку Шайлоо Кеңеши АКШ, Канада, Австралия, Ирландия жана Англияда добуш берүү мөөнөтүнүн узартылышына, бул өлкөлөрдө 20-24-майда добуш берилишине чечим чыгарды.
Бажы бекеттеринде да 28-май саат 17.00гө чейин добуш берсе болот.
Тектеш кабарлар

Улуттук коргоо министрлиги террор менен күрөшүү тууралуу маалымат берди
1 - январдан бери Иракта 134 террорист, Сириянын түндүгүндө 243 жалпы 377 террорист жок кылынды.