Түркияда эл шайлоого барды
Түркиянын жалпысында Түркия убактысы боюнча саат 17.00де президент жана 28-чакырылыштагы Эл өкүлдөрүн шайлоолор үчүн добуш берүү процедуралары аяктады.
1986267
Түркиянын жалпысында Түркия убактысы боюнча саат 17.00де президент жана 28-чакырылыштагы эл өкүлдөрүн шайлоолор үчүн добуш берүү процедуралары аяктады.
Катталган 60 миллион 697 миң 843 шайлоочу президенттикке Режеп Тайып Эрдоган, Мухаррем Инже (11-майда жарыштан баш тартса да аттары бюллетенде бар), Кемал Кылычдароглу жана Синан Огандын арасынан тандоо жасады.
Түркия боюнча 24 саясий партия жана 151 көз карандысыз депутаттык талапкер 28-чакырылыштагы парламентти аныктоо үчүн жалпы шайлоого катышты.
Президенттикке талапкерлердин бири да абсолюттук көпчүлүктү ала албаса, 28-майда добуш берүүнүн экинчи туру өтөт.