Тышкы иштер министри Чавушоглу Греция менен карым - катнаштарга баа берди
Министр Чавушоглу телекөрсөтүү программасында күн тартибиндеги маселелер тууралуу маалымат берди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Греция менен карым-катнаштарда оң атмосферанын өкүм сүрө баштаганын белгиледи.
Министр Чавушоглу телекөрсөтүү программасында күн тартибиндеги маселелер тууралуу маалымат берди.
Чавушоглу Греция менен карым-катнаштарга токтолуп : "Греция менен арабызда абдан олуттуу пикир келишпестиктер бар”,-деди.
Чавушоглу Эгей деңизиндеги куралсыздандырылган аралдардын статусунун бузулушу, аймактык суулар жана деңиз юрисдикциясына тиешелүү маселелердин артыкчылыктуулугуна көңүлдөрдү бурду.
"Булар чечилгенге чейин ар кандай учурда чыңалуу болушу мүмкүн",- деген министр Чавушоглу : "Грек православ чиркөөсүнө көрсөткөн урмат - сыйды грек бийликтери Батыш Фракиядагы түрктөргө да көрсөтүшү керек»,- деди.
Чавушоглу 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Греция менен карым - катнаштардын оң атмосферада бара жаткандыгын белгиледи.
Тектеш кабарлар

Эрдоган шейиттерди эскерди
Президент Эрдоган билдирүүсүндө түрк жана Азербайжан желектерине да орун берди.