Улуттук коргоо министри Хулуси Акар дан келишими тууралуу маалымат берди

Акар кечээ Муглада Куртаран 2023  машыгуусунун тандамал байкоочу күнү иш  - чараларынан кийин кызматкрелерге кайрылды.

1985730
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар дан келишими тууралуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кара деңиз дан келишиминин мөөнөтүнүн узартылышы тууралуу макулдашууга карай бара жаткандыгын айтты.

Акар кечээ Муглада Куртаран 2023  машыгуусунун тандамал байкоочу күнү иш  - чараларынан кийин кызматкрелерге кайрылды.

Акар Россия  -  Украина согушу себеп болгон эл аралык масштабдагы азык  - түлүк кризисин чечүүгө карата Түркия, Россия жана Украина  коргонуу министрлеринин орун басарлары менен БУУнун жетекчилеринин арасында  10 – 11 -  майда Стамбулда өткөн төрттүк  форматтагы жыйын тууралуу  буларды белгиледи : «Келген биринчи маалыматтын алкагында Стамбулдагы жолугушуу оң өттү. Дан келишиминин мөөнөтүн узартуу боюнча макулдашууга карай бара жатат. Бирок Украинанын портторунда соода кемелерибиз бар. 6 кеменин өлкөбүзгө коопсуз кайтып келиши тууралуу алкактык келишимдин түзүлгөнүн айтышты. Бул багытта ишибизди улантып жатабыз».

Акар Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кипрдеги абалдарга байланыштуу Түркиянын башта Греция болгон эч бир коңшусуна каршы агрессивдүү мамиле кылбагандыгын айтты.

Түркиянын эл аралык укук жана жакшы коңшулук карым-катнаштарынын алкагында диалог жана тынчтык жолу менен маселелердин чечилишин жактаганын баса белгилеген Акар : "Эгей деңизи достуктун деңизи болсун, байлыктары  адилеттүү бөлүштүрүлүшү керек, коопсуздук ичинде, бактылуу жашашын каалайбыз. Эки өлкөнүн ортосунда туризм сезонунда машыгуулардын болбошуна байланыштуу мораторий киргизилген. Муну кеңейтүүгө даяр экендигибизди жана бул маселе тууралуу сүйлөшө аларыбызды айттык. Күтүп жатабыз. Биздин жашыруун күн тартибибиз жок»,- деди.



Тектеш кабарлар