Триполи - Стамбул кеме каттамы башталды

Бул тууралуу Мисрата деңиз станциясынын фейсбук эсебинен билдирилди.

1985490
Триполи  -  Стамбул кеме каттамы башталды

Ливиянын борбор шаары Триполи менен Стамбулдун ортосунда кеме каттамдары башталды.

Мисрата деңиз станциясынын фейсбук эсебинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Kevalay Queen кемеси борбор Триполиден Стамбулга жасай турган  алгачкы саякатында Стамбулдагы Зейпорт портуна баруу үчүн Триполидеги аль-Шиаб портунан чыкты",- деп билдирилди. 

Билдирүүдө Kevalay Queen кемесинин, жүргүнчүлөр жана экипаждын фотографиялары бөлүшүлдү. 

25 жылдан кийин Karanfil Group, Kevalay Tourism жана Libya Iron and Steel Company (LISCO) өнөктөштүгү менен 2021-жылдын 1-декабрында Ливиянын Мисрата шаары менен Измирдин ортосунда круиздер башталды.



Тектеш кабарлар