Түркия, Орусия жана Украина дан демилгеси үчүн жолугушуу өткөрдү
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) билдирди.
1985078
Түркия, Орусия жана Украинанын коргоо министрлеринин орун басарлары дан демилгеси боюнча жыйын өткөрүштү.
Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) Стамбулда Түркия, Орусия жана Украинанын коргоо министрлеринин орун басарларынын, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрүнүн катышуусунда дан демилгеси жана башка маселелер талкууланган жыйын өткөнүн билдирди.
УКМнын билдирүүсүндө, «Дан демилгеси жана башка маселелер талкууланган жыйын бүгүн Стамбулда Түркия, Орусия, Украинанын коргоо министрлеринин орун басарлары жана БУУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Өлкөбүздүн атынан жолугушууга улуттук коргоо министринин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу жана аны коштогон делегация катышты»,делди.