Кара деңиз дан демилгеси
Акар: "Биздин каалообуз дан келишимин узартылышы"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, дан келишиминин узартылышын каалагандарын айтты.
Акар, Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасанов менен бирге көз салган Коньяда өткөрүлгөн «Анадолу бүркүтү-2023 машыгуусунун» кадырлуу байкоочу күнүнө карата сөз сүйлөдү.
Сөзүндө Орусия-Украина согушунан улам келип чыккан эл аралык азык-түлүк кризисин чечүүгө багытталган Түркиянын демилгелери менен түзүлгөн дан коридоруна баа берген Акар, Түркиянын колдоосу менен кол коюлган Кара деңиз дан демилгеси аркылуу 30 миллион тоннадан ашуун дан эгиндеринин муктаж болгон өлкөлөргө жөнөтүлгөнүн маалымдады.
Акар: «Протоколдун мөөнөтү 18-майда аяктайт. Бул мөөнөт бүтө электе анын туруктуу улануусу үчүн иш-аракеттерди жүрүзүп жатабыз. Түркия, Орусия жана Украинанын коргоо министрлеринин орун басарлары БУУнун байкоочулары менен бирге кечээ жана бүгүн аракеттерин улантышууда. Биздин каалообуз дан келишимин узартылышы. Бул баарына пайда алып келет»,-деди.
Тектеш кабарлар

Режеп Таййип Эрдоган менен Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө эки лидер эки өлкөнү жакындан кызыктырган аймактык маселелер боюнча да пикир алышты.