Эрдоган партиясынын Пурсаклар​дагы митингинде элге кайрылуу жасады

Эрдоган Түркиянын азыр өндүрүшү, жумуштуулугу, экспорту менен глобалдык күчкө айланганын баса белгиледи.

1985366
Эрдоган партиясынын Пурсаклар​дагы митингинде элге кайрылуу жасады

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрагасы Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын эми өндүрүшү, жумуштуулугу жана экспорту менен дүйнөлүк державага айланганын билдирди.

Борбор шаар Анкаранын Пурсаклар ​​районунда партиясынын митингинде элге кайрылуу жасаган Эрдоган, бир өлкөнүн байлыгынын өндүрүш менен болгонун айтып: «Эгерде мунай, жаратылыш газы сыяктуу жер астындагы байлыңыз жок болсо иштеп, өндүрүүүдөн башка аргаңыз жок»,-деди.

Түркиянын азыр өндүрүшү, жумуштуулугу, экспорту менен глобалдык күчкө айланганын баса белгилеген Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус эпидемиясында дүйнөдөгү өндүрүш жана камсыздоо чынжырлары үзүлгөндө Түркиянын дагы көбүрөөк өндүрүп, сатканын айтты.

Президент: «Орусия-Украина согушу дүйнөлүк кризиске айлангандыктан биз өзүбүздү дипломатиялык жактан да, экономикалык жактан да башка жерге койдук. Энергетикада, өнөр жайда, экспортто жана иш менен камсыз кылууда жетишкен ийгиликтерибиздин негизинде дүйнөдөгү өнүгүүлөрдү өз пайдабызга бура алдык»,-деди.

Эрдоган партиясынын Мамак-Алтындаг митингинде сүйлөгөн сөзүндө да, демократия жана өнүгүү багытында бурулуш жасоодо, жолундагы тоскоолдуктарды жеңүүдө алган колдоону кайрадан сезип жаткандарын баса белгилеп: «Өлкөбүздүн кылымдардан бери келе жаткан кемчиликтерин кандайча бирге толуктаган болсок буюрса Түркия кылымын да сиздер менен бирге көтөрөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар