Акар:«Эми Габарда террорист жок, мунай бар, байлык бар»

Кайсеринин Девели районунда жарандар менен жолугушкан Хулуси Акар сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолду.

1984507
Акар:«Эми Габарда террорист жок, мунай бар, байлык бар»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар:«Эми (Шырнак) Габарда террорист жок, мунай бар, байлык бар»,-деди.

Кайсеринин Девели районунда жарандар менен жолугушкан Хулуси Акар сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолду.

Мехметчиктин (түрк аскери) Сирия менен Ирактын түндүгүнө качкан террористтердин изин кууганын белгилеген Акар: «Мехметчиктин деми террористтердин желкесинде. Биз Ирактын түндүгүндөгү террористтердин баш калкалоочу жайларын, бункерлерин, үйлөрүн жок кылдык, жок кылууну улантып жатабыз. Аларды өздөрү казган чуңкурларга көмдүк, көмүп жатабыз. Сириянын түндүгүндө курууну каалаган террор коридорун да талкаладык»,-деди.

Террорчулардын алдында эки жол бар экенине көңүл бурган Акар : «Террористтер же адилеттикке багынышат, же өздөрү казган чуңкурларга көмүлөт, аларды мындан эч ким куткара албайт»,-деп эскертти.

Террор менен күрөшүүдө жетишкендиктердин маанилүү экенин баса белгилеген Акар:«Эми Габарда террорист жок, Габарда мунай бар, байлык бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар