Түркия Конго Демократиялык Республикасына көңүл айтты
Конго Демократиялык Республикасында селден улам 394 адам каза болду.

Түркия Конго Демократиялык Республикасындагы сел апаатында каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө : «Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы Түштүк Киву провинциясында нөшөрлөгөн жамгырдын натыйжасында пайда болгон сел апааты жүздөгөн адамдын өмүрүн алды жана 8-май өлкөдө Улуттук аза күтүү катары жарыяланды»,- деп айтылды. Билдирүүдө селден улам каза болгондордун жакындарына, Конго Демократиялык Республикасынын элине жана өкмөтүнө көңүл айтылды.
394 адамдын өмүрүн алган селден кийин Конго Демократиялык Республикасынын Түштүк Киву штатында бир күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.
Тектеш кабарлар

Мавлид түнү эртең белгиленет
Мавлид-и Неби жумалыгы быйыл «Пайгамбарыбыз, ыйман жана багыт» темасы менен өткөрүлөт.