Алтундан "эл аралык санариптик укук" чакырыгы

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Метаверс платформасынын таанытуу панелине катышты.

1984319
Алтундан "эл аралык санариптик укук" чакырыгы

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, социалдык медиадагы укуктук жана моралдык адепке сыйбаган билдирүүлөр менен күрөшүү үчүн «эл аралык санариптик укуктук тартипти» түзүү керектигин айтты.

Фахреттин Алтун, борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Метаверс платформасынын таанытуу панелине катышты.

Алтун жыйында сүйлөгөн сөзүндө, социалдык медиада эч кандай мыйзамдык жана моралдык чеги жок билдирүүлөрдүн бар экенин айтты.

«Өзгөчө социалдык медиа платформаларында күн сайын укуктук жана моралдык адепке сыйбаган билдирүүлөргө туш болуудабыз», деген Алтун: «Бул көйгөйлөр менен күрөшүүдө биз улуттук гана эмес, эл аралык деңгээлде да консенсуска жетишибиз керек жана бул консенсус менен эл аралык санариптик укуктук тартипти түзүшүбүз зарыл. Бул эл аралык коомчулуктун маанилүү милдеттеринин бири»,-деп билдирди.

Бүгүнкү дүйнөнүн эл аралык системасы санариптик кыр көрсөтүүлөргө каршы туруу үчүн сөзсүз түрдө эл аралык укуктук тартипти түзүүгө тийиш экенин баса белгилеген Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Бул боюнча чогуу иштешибиз керек. Түркия катары колубуздан келген аракетибизди абдан олуттуу түрдө жасап жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар