Чавушоглу күн тартибине баа берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бир телеканалда күн тартибине баа берип, суроолорго жооп берди.

1983637
Чавушоглу күн тартибине баа берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, F-35 долбоору тууралуу: «Учурда биз «F-35ке» кайрылалы» дебейбиз. «Бизге акчабызды кайтарып бер» дейбиз. Анткени биз муну биз өзүбүздүн улуттук согуштук учактарды чыгарып жатканыбыз үчүн айтып жатабыз»,-деп айтты.

Чавушоглу бир телеканалда күн тартибине баа берип, суроолорго жооп берди.

Министр Чавушоглу F-16 сатып алууну каалагандарын жана бардык сүйлөшүүлөр аяктаганына карабастан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик катчылыгы АКШ Конгрессине расмий билдирүү жасабаганын айтты.

Түркиянын АКШнын CAATSA (Санкциялар аркылуу душмандары менен күрөшүү мыйзамы) санкциялары менен F-35 программасынан чыгарылганын эске салган Чавушоглу: «(С-400) «Мунун көзөмөлүн бизге бериңиз, биз аны текшеребиз» деген сыяктуу эгемендүүлүгүбүзгө түздөн-түз тиешелүү сунуштарды айтты. Биз аларды кабыл алган жокпуз»,-деди.

Чавушоглу НАТОдон абадан коргонуу системасын талап кылгандарын белгилеп:«Бизге абадан коргонуу системасы керек, аны кантип камсыздай аласыздар?» деп айтканбыз. «Патриот сунуш кылгыла» дегенбиз. Аны тилдин учу менен айтышат, бирок расмий эч нерсе жок. «Биз Конгресстен кепилдик ала албайбыз» дешет»,-деп айтты.

Швециянын НАТОго мүчөлүк процессине да токтолгон Чавушоглу, Швециянын ПКК террористтеринин өз өлкөсүндө «уя салганын» моюнга ала баштаганын, бул тууралуу мыйзам кабыл алынганын, бирок Түркиянын конкреттүү кадам көргүсү келгенин айтты.

10-майда Москвада Түркия, Орусия, Иран жана Сириядагы Асад режиминин арасында тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөрүлө турган жолугушууда Асад режими менен «тез» өнүгүү болобу деген суроого жооп берген Чавушоглу, террордук уюм ПКК/ЙПГ менен күрөшүү темасында орток пикирге келгендерин, кыска убакыт мурун чалгындоо жана коргоо министрлери жолугушкандарын айтты.

Чавушоглу: «Эми саясий чечим тууралуу маселелер, сириялыктардын кайтып келишине байланыштуу маселелер, албетте, жол картасында каралышы керек. Эгер режим да буга макул болсо. Жок, сөзсүз түрдө «Силер биринчи чыккыла, кийин көрөлү» десе, анда чечим табылбайт. Эгерде ал мындай алдын ала шартка макул болсо, бирок мен айткандай, жол картасында төмөнкү кадамдарды жасайлы, Сириянын туруктуу ырааттуулугу жана тынчтыгы үчүн терроризм менен күрөшүү, коопсуздук сыяктуу маселелер болсо, бул кадамдар жасалат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар