Түркия Сербияга көңүл айтты
Билдирүүдө : "Жакындарын жоготкон үй - бүлөлөрүнө, Сербия калкына жана өкмөтүнө көңүл айтабыз. Жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп айтылды.
1983281
Түркия Сербиядагы куралдуу кол салууларда жаракат алгандардын бат айыгып кетишин тилеп, каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө, Сербия калкына жана өкмөтүнө көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Сербияда эки күн мурда бир мектепке жасалган жана 9 кишинин каза болушу менен аяктаган кол салуудан кийин Белграддын жанындагы Младеновац аймагында түнү болгон куралдуу кол салууда 8 кишинин каза болушу жана 14 кишинин жараланышы терең кайгыруу жараткандыгы билдирилди.
Билдирүүдө : "Жакындарын жоготкон үй - бүлөлөрүнө, Сербия калкына жана өкмөтүнө көңүл айтабыз. Жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп айтылды.