1915 Чанаккале көпүрөсү биринчи орунга татыктуу болду
Европа Экономикалык Комиссиясынын 7 - Мамлекеттик-жеке сектор кызматташтыгы форуму 3 – 5 – майда Грециянын борбор шаары Афинада өттү.
1915 Чанаккале көпүрөсү жана авто жолу долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Европа Экономикалык Комиссиясы (UNECE) тарабынан уюштурулган «Мамлекеттик-жеке сектор кызматташтыгы жана инфраструктура сыйлыктары» аземинде биринчи орунга татыктуу деп табылды.
Европа Экономикалык Комиссиясынын 7 - Мамлекеттик-жеке сектор кызматташтыгы форуму 3 – 5 – майда Грециянын борбор шаары Афинада өттү.
Форумдун алкагында кайрылган 70 эл аралык проекттин арасынан 48зи карала турган иш - чарада 1915 Чанаккале көпүрөсү жана авто жол 5 финалисттин бири болду.
Жеңүүчү форум делегаттарынын добушу менен белгиленген жарышта биринчиликке ылайык көрүлгөн 1915 Чанаккале көпүрөсүнүн сыйлыгы БУУнун Европа Экономикалык Комиссиясынын коомдук - жеке секторунун өнөктүштүктөрү бөлүмүнүн төрагасы Тони Бонниси жана БУУнун Европа Экономикалык Комиссиясынын иш алып баруу тобунун төрагасы Жорж Катародис тарабынан 1915 Чанаккале көпүрөсү жана авто жолун каржылоо боюнча жооптуу башкы директорунун орун басары Мурат Сарыкаяга берилди.
Билдирүүдө көз караштарына орун берилген Сарыкая проектинин ушул күнгө чейинки 20дан ашуун сыйлыкка ээ болгондугун бирок мунун өзгөчө мааниси бар экендигин айтты.
1915 Чанаккале көпүрөсү жана автожолу экология тармагындагы иштери менен 2020-жылы Жашыл уюм тарабынан дүйнө жүзү боюнча эң мыкты экологиялык тажрыйбаларды жайылтууну жана кубаттоону максат кылган Green World Awards алтын деңгээлиндеги сыйлыкка татыктуу деп табылган.
Долбоор ушул убакка чейин 12 каржылык сыйлыкка, 2 экологиялык жана социалдык сыйлыкка, 4 жумуш менен камсыз кылуу жана 3 инженердик сыйлыкка ээ болду.