Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Улуттук чалгындоо уюму Ирактын түндүгүндөгү Гарада жүргүзгөн операция менен террорист Севенди таасирсиз кылды.

1983033
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат
harekat operasyon.jpg

Жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын атайын күч логистикалык жооптуусу делген Нечирван Севен Ирактын түндүгүндөгү Гарада таасирсиз кылынды.

"Фираз Зилан" каймана аттуу Нечирван Севен Түркияда көчө кыймылдарына жана коопсуздук күчтөрүнө каршы кол салууларга катышкан.

Террористтин 2015-жылы террордук уюмдун элет жердеги топторуна кошулганы айтылды.

Террорист Севен Ирактын түндүгүнө өткөндөн кийин жасаган иштери жана логистикалык ишмердүүлүгүндөгү ролунун себебинен аны Улуттук чалгындоо уюму байкоого алган.

Улуттук чалгындоо уюму Ирактын түндүгүндөгү Гарада жүргүзгөн операция менен террорист Севенди таасирсиз кылды.

Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө террористтер колдонгон үңкүрлөргө, бункерлерге жана баш калкалоочу жайларга бир-бирден кирүүнү улантууда.

Улуттук Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө, «Чеңгел-кулпу операциясы» аймагында террористтер колдонгон үңкүрлөр, бункерлер жана баш калкалоочу жайлардан көп сандаган жарылуучу зат, курал жана ок-дарылардын колго түшүрүлгөнү кабарланды.



Тектеш кабарлар