Шентоп украин делегациясын айыптады

Шентоп социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1983009
Шентоп украин делегациясын айыптады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Кара деңиз Экономикалык Кызматташтыгынын Парламенттик Ассамблеясынын 30 жылдыгына арналган Парламент төрагаларынын саммитинде, орус делегациясынын башчысынын орун басары Ольга Тимофеева сөз сүйлөп жатканда, украин делегациясынын желек менен каршылык көрсөтүү аракетин айыптады.

Шентоп социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын кожоюндугунда өткөрүлгөн Парламент спикерлеринин саммитинде, Украинанын парламенттик делегациясынын айрым мүчөлөрүнүн чагымчыл жана физикалык жактан кол салуу аракеттеринин эч качан кабыл алынбай турганын белгиледи.

Парламенттин төрагасы Шентоп: «Аймагыбыздагы көйгөйлөрдү диалогдун негизинде чечүү максатында бизди бир үстөлдүн үстүндө жолугуштурган самитте мындай жагымсыз жана кабыл алынгыс окуяны башынан өткөргөнүм үчүн мен да капа болдум. Түркиянын орнотууга аракет кылып жаткан тынчтык чөйрөсүн бузган бул мамилени айтыптаймын»,-деди.



Тектеш кабарлар