Эрдоган батыштык журландарга каршылык көрсөттү

Президент Эрдоган социалдык медиадан бөлүшкөн билдирүүсүндө чет өлкөдөгү айрым журналдардын өзүн бутага алган кабарына каршы чыкты.

1983098
Эрдоган батыштык журландарга каршылык көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөлүк державалардын операциялык куралы болгон батыштык айрым журналдардын Түркиянын ички саясатын башкаруусуна уруксат бербей тургандарын айтты.

Президент Эрдоган социалдык медиадан бөлүшкөн билдирүүсүндө чет өлкөдөгү айрым журналдардын өзүн бутага алган кабарына каршы чыкты.  

Эрдоган саясий, дипломатиялык жана аскердик аракеттер менен террордук уюмдардын кыймылын чектеген Түркия экендигин баса белгиледи. 

Түркиянын тышкы саясатындагы эффективдүүлүгүнө басым жасаган Эрдоган Кипр түрктөрү, түрк дүйнөсү жана Балкандардагы Евлады Фатиханын укугун чечкиндүүлүк менен жактагандарын белгиледи. 

Түркиянын Ливия, Сирия жана Карабахтагы маселелердин чечилишинде  ойногон ролун эске салган Эрдоган (Россия  -  Украина арасындагы) туткун алмашуу жана дан коридору келишими менен аймактык кризистердин чечилишине салым кошулгандыгын айтты. 

Дүйнөлүк державалардын операциялык куралы болгон айрым журналдарга карата  реакциясын : "Дүйнөлүк державалардын оперативдик каражаты болгон журналдардын мукабалары ички саясатыбыздын багытталышына, улуттук эрктин солкуладашына уруксат бербейбиз",- деп билдирген президент : "Буюрса Түрия кылымы  менен дипломатиялык ийгиликтерди эң жогорку чегине алып чыгабыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар