ПКК/КЖКнын машыктыруучусу делген Ахмет Гүмүшкө MIT операция жүргүздү
Бул тууралуу коопсуздук булактарынан маалымат берилди.

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагындагы операцияда жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын машыктыруучусу делген Ахмет Гүмүштү таасирсиз кылды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, Грецияда өлтүрүү боюнча билим алган «Жуди Энгизек» каймана аттуу террорист Гүмүштүн уюмдун лидерлеринин бири Мурат Карайландын жансакчысы, коопсуздук күчтөрүнө каршы көптөгөн акцияларды пландоочу жана ишке ашыруучу экени аныкталды.
Гүмүштүн Түркиядагы кээ бир полиция бөлүмдөрүнө каршы кыймылдарга катышканы, террордук уюмдун мүчөлөрүнө атайын киши өлтүрүү боюнча билим бергени жана уюмдун атынан курал системаларын иштеп чыгууга катышканы да аныкталды.
Сириядагы террордук уюм мүчөлөрүнө билим берген ПКК/КЖКнын өлтүрүү мектептеринин жооптуусу болгон террорист Гүмүштүн өткөн жылы Гарадагы «Аполлон» академиялары командирлиги деп аталган жана квалификациялуу академиялар деп аталган академиялардын башкаруусунда болгону белгилүү болду.
Артынан байкоо салынган террорист Гүмүш MİT тарабынан Гарада уюштурулган операцияда жок кылынды.