Эрдоган-Мирзиёев сүйлөшүүсү

Өзбекстандын Президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, Мирзиёев президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1982211
Эрдоган-Мирзиёев сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди, өткөн аптада болгон конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшүнөн улам куттуктады.

Өзбекстандын Президенттик аппаратынын билдирүүсүнө караганда, Мирзиёев президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө лидерлер, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин мындан ары да өнүктүрүлүшү, конструктивдүү кызматташуу жана артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу темаларын талкуулашты.

Түркиянын алдыңкы фирмаларынын катышуусунда Өзбекстанда ишке ашырылган инвестициялык долбоорлорду карап чыккан лидерлер, Түркия-Өзбекстан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынына даярдыктарды да сүйлөштү.

Президент Эрдоган Мирзиёевди, өткөн аптада болгон конституцияга өзгөртүү киргизүүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшүнөн улам куттуктап, боордош Өзбекстан элине тынчтык, өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Мирзиёев да президент Эрдоганга Түркияда 14-майда боло турган президенттик жана 28-чакырылыштагы парламенттик шайлоого карата ийгиликтерди каалады.



Тектеш кабарлар