Судандан эвакуациялан түрктөр
Судандагы түрк жарандарын эвакуациялоо иштери уланууда.
1981261
Аскердик учак менен Судандан эвакуацияланган 100дөн ашуун түрк жараны борбор шаар Анкарага алып келинди.
Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда 15-апрелде башталган ички кагылышуудан улам өлкөдөн чыга албай калган түрк жарандарын эвакуациялоо иштери уланууда.
Судандын Порт-Судан шаарынан абага көтөрүлгөн аскердик учак менен 100дөн ашуун түрк жараны эвакуацияланып, түнү Анкара Эсенбога аэропортуна алып келинди.
Учактан түшкөн түрк жарандары паспорттук текшерүүдөн кийин автобустар менен терминалдан жөнөп кетишти.