Габарда мунай скважиналарындагы иш-аракеттер уланып жатат
Дөнмез, Эскишехирде журналисттерге билдирүү жасады.
1981399
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Шырнактын Габар аймагындагы мунай скважиналарында жүргүзүлгөн иш-аракеттердин оң натыйжа бергенин айтты.
Эскишехирде журналисттерге билдирүү жасаган Дөнмез, акыркы жылдарда деңизде да, кургакта да көмүр суутек чалгындоо жана изилдөө иштерин ылдамдаткандарын кабарлады.
2022-жылы Кара деңизде чоң ачылыш жасагандарын белгилеген Дөнмез, кургактыкта да Адана Чукурова жана Шырнактын Габар аймагында мунай табылганын эске салды.
Габарда эки ай мурда бургулоо иштеринин башталганын маалымдаган Дөнмез: «Бургулоо жана скважиналарды баалоо боюнча иш-аракеттерибиз аяктоо алдында турат. Баштапкы баалоолор оң»,-деди.