Дендиас Түркия менен Грециянын ортосундагы оң маанайдан ыраазы болгонун айтты
Грецияда өткөрүлгөн 8-Дельфи Экономикалык форумунда сөз сүйлөгөн Никос Дендиас тышкы иштер министри катары 4 жылдык мөөнөтүнүн түрк-грек карым-катнаштарында оң маанай менен аяктаганынан ыраазычылыгын билдирди.

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас Түркия менен Грециянын ортосундагы оң маанайдан ыраазы болгонун айтты.
Грецияда өткөрүлгөн 8-Дельфи Экономикалык форумунда сөз сүйлөгөн Никос Дендиас тышкы иштер министри катары 4 жылдык мөөнөтүнүн түрк-грек карым-катнаштарында оң маанай менен аяктаганынан ыраазычылыгын билдирди.
Дендиас:«Эгерде биз эки тараптуу мамилелерде позитивдүү атмосфераны сактап кала алсак, биздин пикир келишпестиктерибиз жөнүндө ачык жана чынчыл сүйлөшүү жана (биздин көйгөйлөрүбүздү) чечүү үчүн мүмкүнчүлүк терезесин түзө алабыз деп чын жүрөктөн ишенем»,-деп өз баасын берди.
Дендиас Түркия менен Грециянын ортосунда биринчиси 2002-жылы өткөрүлгөн жана тараптардын Эгейде башынан өткөргөн көйгөйлөргө «адилеттүү, туруктуу жана кеңири» чечүүчү жолдун пайдубалын түзүү максатында башталган жана ушул убакка дейре 63 тур аяктаган кеңешме сүйлөшүүлөрүнө да токтолду.
Дендиас: «63 раунддук кеңешүүдөн кийин Түркия менен сүйлөшүү жолунда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу керек деп эсептейм, анткени бул өзгөртүүлөр макулдашууга жетүүбүздү жеңилдетет»,- деди.
Түркия менен Грециянын эл аралык платформаларда бири-биринин талапкерлигин колдоо чечимине токтолгон Дендиас : «Мен кайраттуу болушубуз керек деп ойлойм. Бир пикирге келүүнү кааласак эки тараптан тең кадамдар ташталышы керек. Бул өз ара түшүнүшүүдөн жана колдоолордон өзгөчө кубанычтамын. Чоңураак жана олуттуу кадамдардын биринчиси болот деп үмүттөнөм»,-деп айтты.