Мевлүт Чавушоглу Судан Ыкчам колдоо күчүнүн командири менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Судандан түрк жарандарын эвакуациялоо процессине байланыштуу темалар каралды.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Судан Ыкчам колдоо күчүнүн командири Мухаммед Хамдан Дагалу менен телефон аркылуу түрк жарандарын эвакуациялоо процесси тууралуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө Судандан түрк жарандарын эвакуациялоо процессине байланыштуу темалар каралды.
Улуттук коргоо министрлиги да түрк жарандарын эвакуациялоо үчүн барган жана жеңил курал менен атылган учак да болгон эки С- 130үлгүсүндөгү учактын коопсуз түрдө Судандан чыккандыгын билдирди.
Порт Судандан чыккан жана 101 кишини ташыган Улуттук коргоо министрлигине таандык башка бир А400М эвакуация учагы да кечээ саат 19:00дө Стамбул аэропортуна конду.
Министрликтин соцтармактан берилген маалыматында ушундайча эвакуациялоо операциясынын Порт Судандагы бөлүмүнүн акырына чыкандыгы билдирилди.
Судандын борбор шаары Хартум жана башка шаарларда 15 -апрель күнү эрте менен Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосунда кагылышулар башталган.
Армия менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосунда «Ыкчам колдоо күчүнүн толугу менен армияга кошулушун» күткөн аскердик коопсуздук реформасы тууралуу акыркы бир канча айда болгон келишпестик катуу кагылышууга айланды.
Судан Саламаттыкты сактоо министрлиги армия менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосунда15 -апрелде башталган кагылышууларда 512 кишинин каза болгондугун, 4 193 кишинин жаракат алгандыгын билдирген.
Кагылышуулардан улам Түркия, АКШ, Кытай, Россия, Британия, Франция жана Сауд Арабия да болгон 50дөн ашуун өлкө жарандарын кургактык аркылу Эфиопия менен Егиепт, деңизден Порт Судан порту аркылуу жана аба жолу менен эвакуациялоону улантууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү менен куттуктады
Президент Эрдоган социалдык тармактагы баракчасынан куттуктоо бөлүштү.