Эрдоган - Гутерреш сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Россия- Украина согушу, Сирия жана Судандагы абалдар каралды.

1980872
Эрдоган  -  Гутерреш сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин байланыш директорлугунан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Россия- Украина согушу, Сирия жана Судандагы абалдар каралды.

Сүйлөшүүдө президент Эрдоган БУУнун Сирияга карата чек арадан өткөн жардам механизминин июль айында узартылышынын чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

Кара деңиз дан коридорунун улантылышына да маани бергендерин белгилеген Эрдоган аммиак кууру боюнча келишим түзүлө турган болсо түзүлө турган иш алып баруу тобуна мекемелер аралык делегация менен катышууга даяр экендиктерин билдирди.

Президент Эрдоган Судандагы кагылышуулардын эки тарабы менен диалог кура алган өлкө катары тараптарды кайрадан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакыруу жана араларындагы келишпестиктерди чечүү үчүн БУУ менен кызматташуу жана үй ээлик кылууга ар дайым даяр экендерин айтты.



Тектеш кабарлар