Данияда Куран Карим жана түрк желегине дагы кол салуу болду

Исламга карата акаараттарды камтыган ураандарды чакырып, түрк желегине кол салган провокатор бул учурларды твиттер эсебинен жарыялады.

1980891
Данияда Куран Карим  жана түрк желегине дагы кол салуу болду

Данияда дагы бир жолу Куран жана түрк желегине карата кол салуу жасалды.

Даниядагы ислам душманы жана ашыкча улутчул Patrioterne Gar Live (Патриоттор түз эфирде) атуу маргинал топтун мүчөсү бир киши  Түркиянын Копенгаген элчилигинин алдында түрк желеги жана Куран Каримге кол салды.

Исламга карата акаараттарды камтыган ураандарды чакырып, түрк желегине кол салган провокатор бул учурларды твиттер эсебинен жарыялады.

Данияда Түркиядагы президенттик жана  28 -  парламенттик шайлоонун негизинде добуш берүү бейшемби күнү башталып, добуш берүү үчүн элчиликке барган түрк шайлоочулар бул чагымчылдыкка каршылык көрсөтүштү.

Түрк жарандарынан бир киши түрк желегин жерден алып провокаторду эскертен учурда Дания полициясынын кийлигишүүсүнө туш болду.

Полиция «бул провокацияга кийлигишпөө» боюнча түрк жаранын эскертип, провокаторду курчоого ала баштады.  Андан кийин Түркиянын каршылыгы, эскертүүлөр жана күтүүлөр Дания мекемелерине билдирилди.

Данияда Ислам душманы жана ашыкча улутчул Payrioterne Gar Live тобу тарабынан 24 – 31 -  мартта жана 14 -  апрелде Копенгаген элчилигинин алдында Куран Карим жана түрк желегине кол салуу болгон.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул кол салууларды айыптап, «Бардык эскертүүлөрүбүзгө карабастан сөз эркиндигине жамынып, бул жийиркеничтүү кол салууларга уруксат берүү кабыл алынгыс»,-деп билдирген.



Тектеш кабарлар